Ж.Садыков ( “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде)
«Төлгө»
(драма)
Коюучу топ:
Режиссер- Н.Мендебаиров, КР эмгек сиңирген артисти, Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты
Композитор - М.Бегалиев, КР эл артисти
Сүрөтчүлөр - С.Ниязакунов, Ю.Нурматов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер
Костюм боюнча сүрөтчү - З.Мухамбетова
Спец-эффект, дизайн жана анимация боюнча сүрөтчүсү – Т.Сманалиев
Балетмейстер – Е.Прокопенко
Режиссердун ассистенти – Д.Жанжигитов, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты
Режиссердун жардамчысы – Д.Орозбекова
Спектаклдин башкы консультанты - А.Акматалиев, филология илимдеринин доктору, академик
Консультанты - С.Көчөрбаев, КР эмгек сиңирген артисти, манасчы, манас изилдөөчү
Аннотация: Кыргыз элинин руханий байлыктарынын туу чокусу — улуу «Манас» эпосу. Дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпостордун бири болгон, сейрек кездешкен поэтиканын үлгүлөрүн өзүнө камтыган «Манас» көркөмдүк кубаты боюнча нечен кылымдардын, ары кайгылуу, ары оор окуяларын тулку боюна сиңирип, имандык, философиялык мазмундуу жыйынтыктоолору боюнча, элдин тагдырын ар тараптан чагылдырып келет. “Манастын” ичинде кыргыздын философиясы, идеологиясы, нукуралуулугу, салт-санаасы, алмустактан келе жаткан мурасы камтылып, руханий баалуулуктары, этика-эстетикалык тарбиялоочу касиеттери көркөм чагылдырылган. Генеалогиялык принцип боюнча өнүккөн эпикалык чыгармалардын түрмөгү болуп саналган “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үч илтиги ажырагыс бир бүтүмдүктү түзөт.
“Манастын уулу Семетей” дал ушул үч илтиктин эң көлөмдүү бөлүгү. Кыргыз эл акыны Ж.Садыков аны театрдын астанасына алып келүү менен бирге, эпоско жаңы дем берген. Аталган драманын негизинде сахналаштырылган “Төлгө” спектаклинде Айкөл Манастын руху анын урпактарында жашайт экени, ошол рухтан кубат алган урпактарынын кимиси гана болбосун Ата-журт үчүн бел чечпей ак кызмат кылууга даяр экени чагылдырылат. Ошол себептен атасын билбей, бешикте кеткен Семетейди кыргыз эли дегдеп күтүп, анын ар бир кадамында атасынын ордун басаар уул болсун деп төлгө кылат.
Спектаклде каралуу кеткен Каныкейдин аялдык ички трагедиясы, таянган тоосу кулагандан кийин бузукулуктун, көрө албастыктын курмандыгына айланган муң-зары, оор тагдырга туш болгонуна карабай, уулунун келечеги кыргыз элинин келечеги экендигин алдын ала сезип, уулу үчүн жан берүүдөн дагы кайра тарпастыгы, өзгөчө бүгүнкү күндүн жаш муундарына өрнөк боло турган, кайын энеси Чыйырды менен болгон кайын-эне келиндин ортосундагы астейдил сый мамилеси баяндалат.
Ролдордо:
1. Семетей – Ө.Израилов, арт., К.Атакан уулу, арт.
2. Каныкей - К.Сейдалиева, КР эл артисти, А.Имашова, КР Ардак грамотасынын ээси
3. Чыйырды – Г.Каниметова, КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Ж.Жумалиева, КР эл артисти
4. Олуя Бакай – Т.Турсунбаев, КР эл артисти
5. Хан Бакай – Н.Салидинов, арт.
6. Сарытаз – Э.Осмонов, Ч.Айтматов ат. Мамл. жаштар сыйлыгынын ээси, Ж.Касейинов, арт.
7. Жакып – Ш.Кыдырмаев, КР эмгек сиңирген артисти, Т.Актанов, КР эл артисти
8. Көбөш – Ж.Сманов, арт; А. Өмүрбеков, Ч.Айтматов ат. Мамл. жаштар сыйлыгынын дипломанты.
9. Абыке – К.Сарыбаев, арт, А.Кыдырмышев, арт
10. Кыргылчал – Т.Жумагазиев, КР эмгек сиңирген артисти, Д.Жанжигитов, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси
11. Бакдөөлөт – А.Сыдыгалиева, КР эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Т.Абдразаева КР эл артисти.
12. Тазбаймат – А.Качкынбаев арт., Ж.Касейинов арт.
13. Ысмайыл – А.Мурадиллаев, КР эмгек сиңирген артисти, Ж.Кангельдиев, арт.
14. Кишимжан – М.Асанбекова, арт., Ж.Исакова, арт.
15. Эшен – А.Болорбек у.А. арт., А Осмоналиев арт.
16. Эшик ага – Б.Шаршенбаев арт. А.Карагулов арт.
17. Манасчы – С.Көчөрбаев, КР эмгек сиңирген артисти, Атакан у.К.
Кошокчулар: Т.Бообекова КР эл артисти, А.Назаркулова КР эл артисти, Ш.Алсейитова КР эл артисти, С.Мырзалиева КР эл артисти, А.Осмонова арт., А.Кыйыкбаева КР эмгек сиңирген артисти, М.Касаболотова арт.
Массалык сахнада театрдын артисттери, театралдык окуу жайдын жана Кыргыз-Түрк Манас Университетинин студенттери катышат.