Урматтуу улуттук ыр-күү өнөрүнүн күйөрмандары жана Улуттук филармониянын ардактуу меймандары!
Байыртадан элибизде жемиштин жаңы чыккан даамдуу дүмбүлүн «Жаңылык» деп атап, жакшы тилек айтышып ооз тийишкен. Жакшы кабар дагы «Жаңылык» деп жар чакырып жарыяланат. Жаңылык – бул жаңы дем-күч менен жаркын келечекке багыт алуунун алгачкы кадамы болуп эсептелет.
Мына ушундай ийги ой-тилек менен Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң залында, 15-16- октябрда, өлкөбүздүн сыймыгы болгон, Карамолдо Орозов атындагы Кыргыз Мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин Улуттук филармониянын ырчылары менен биргеликтеги «Жаңылык» аттуу чоң программадагы концерти тартууланат!
Концертте Мамлекеттик эл аспаптар оркестринин жаңы репертуары жана жаңы иштелип чыккан обондуу ырлар эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон атактуу ырчыларыбыздын аткаруусунда тартууланат. Концертке Улуттук филармониянын камералык хору катышат. Башкы хормейстер – КР эл артисти, профессор Гүлбара Маматова.