Амеркалык жазуучучу, драматург, сценарист Винья Дельмардын “Эртеңкиге ордуңду бошот” (Make Way for Tomorrow) драмасын КР эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаировдун Көркөм жетекчилиги астында Режиссёр Жылдызбек Касейинов сахналаштырды.
Винья Дельмардын “Эртеңкиге ордуңду бошот” спектакли ата-эне канча бала болсо да кабагым-кашым дебей асыраганы менен балдар бойго жеткенде карыган ата-энесин баарылап бага албагандыгын, аргасыздан өмүр бою бирге жашаган түгөйлөрдүн эки жакка бөлүнүүсүн, карыганда 5 баласы туруп карылар үйүндө күн кечирүүгө аргасыз болгон эненин, атанын трагедиясын баяндайт.